Купуялуулук саясаты
JGL сиздин маалыматтарыңыздын купуялуулугуна кам көрөт. Биздин саясаттарыбыз аркылуу биз бизнес үчүн заманбап технологияларды колдонуунун артыкчылыктары менен адамдын жеке маалыматтарын кыянаттык менен пайдалануудан коргоо укугу ортосундагы оптималдуу балансты табууга аракет кылабыз.
1. Жеке маалыматтарды чогултуу. Бул сайттын айрым бөлүктөрүн колдонуу үчүн, JGL сизден аты-жөнүңүз, электрондук дарегиңиз, компаниянын аты же телефон номери сыяктуу жеке маалыматыңызды киргизүүнү суранышы мүмкүн. JGL бул маалыматты сайттагы тажрыйбаңызды жакшыртуу же компанияларга жана жарнамаларга катышуу үчүн колдонот. Бул сайтты колдонуу жана жеке маалыматтарыңызды киргизүү менен сиз Купуялуулук саясатын кабыл аласыз. Биз ошондой эле жеке маалыматты бизнесибиздин кызыкчылыгы үчүн колдоно алабыз, мисалы, сиздин көӊүлүӊүз белгилүү бир өндүрүмдөргө жана арзандатуу жарнамаларга жана башкаларга бурулган болсо. JGL аталган маалыматтарды коопсуз сактоого милдеттенет. Биз сиздин маалыматыңызды актуалдуу жана так сактоого аракет кылабыз.
2. Домендер жөнүндө маалыматтарды чогултуу. JGL колдонуучулардын домендери тууралуу маалыматты биздин сайттын кандайча колдонулуп жатканын анализдөөнүн бир бөлүгү катары чогултат. Маалымат биздин сунуштарды жакшыртуу үчүн колдонулат жана сиз тараптан эч кандай аракеттерди талап кылбайт.
3. Үчүнчү жактарга маалымат берүү. Бул сиздин бизнесиңиздин кызыкчылыгында деп эсептеген учурда, биз сиздин жеке маалыматыңызды бизнес өнөктөштөрүбүз менен бөлүшөбүз (банктык эсептин маалыматы, кредиттик картанын номерлери жана башка маалыматтардан тышкары), алар кийинчерээк бизнесиңиз үчүн пайдалуу болгон сизге жаңы өндүрүмдөр же кызматтар жөнүндө маалымат бериши мүмкүн. Жалпы сатуу статистикасы сизди аныктоо үчүн колдонула турган жеке маалыматты камтыбайт. Мыйзамда каралган учурларда, эгерде бул мыйзам тарабынан талап кылынса же JGL сайттын же анын конокторунун автордук укугун, менчигин же коопсуздугун коргоо үчүн биз сиздин жеке маалыматыңызды компетенттүү органдарга өткөрүп берүүгө мажбур болушубуз мүмкүн.
4. Cookie файлдарын колдонуу. Сайт колдонуучуларды аныктоо үчүн cookie файлдарын колдонушу мүмкүн. Алар сиздин катуу дискиңизде сакталат. Cookie файлдары сиздин катуу дискиңизден маалыматтарды окуй албайт жана сиз cookie колдонууну кабыл алуу же четке кагуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз. Кээ бир учурларда, cookie өчүрүү көрсөтүлгөн маалыматтын көлөмүн чектеши мүмкүн же барактардын максаттуу иштешин азайтышы мүмкүн.
5. Укуктар. Бизде сакталган бардык жеке маалыматтарыңызды көчүрүп алууга толук укугуңуз бар. Сиз ошондой эле жеке маалыматтардагы каталарды оңдоого укугуңуз бар. JGL бул Эрежелердин мазмунуна каалаган убакта өзүнчө эскертүүсүз өзгөртүү киргизүү укугун өзүнө калтырат, ошондуктан сиз бул сайтка кирген сайын бул Эрежелерди карап чыгышыңыз керек.